Бишкек шаардык милициясынын жетекчиси Ногойбаевдин иштен алынганы айтылууда

Буга чейин милициянын беш кызматкери кармалган.
Sputnik
БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Бишкек шаарынын ИИБ жетекчиси Азамат Ногойбаев кызматынан алынды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстанга өздүк маалымат булак билдирди.
Маалымат берген киши Ногойбаев бүгүн кызматынан кол жууган алты жетекчинин арасында экенин айтты. Алар беш милиция кармалгандан кийин иштен алынган.
ИИМден бул маалыматка комментарий берише элек.
Буга чейин УКМК милиционерлер тобу мессенджерлер аркылуу синтетикалык баңгизаттарды колдонгон адамдарды аныктап, бирок алардан акча талап кылышканын билдирген. Анда кармалгандар тартип сакчыларына 20 миң сомдон 5 000 долларга чейинки сумманы берүүгө аргасыз болгону маалымдалган. Атайын кызмат милиционерлер акча алгандан кийин фактыларды жашырып, аларды бошотушканын айткан.
Ногойбаев бул кызматта 2021-жылдын май айынан бери иштеп келе жаткан.
УКМК: милиционербиз деп элди алдап жүргөндөр кармалды. Видео