БИШКЕК, 18-авг. – Sputnik. Баткен облусунда лицензия албастан облустун аймагында массалык лотерея уюштурган Самаркандек айылынын 20 жаштагы К.у.К. аттуу тургуну кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Мыйзамсыз ишти уюштурууга тиешеси бар башка да адамдар аныкталган.
"Алар 2 800 билетти 8 миллиондон ашык сомго сатышкан. Лотереянын жүрүшү YouTube аркылуу көрсөтүлүп, төлөмдү онлайн кабыл алышкан", — деп айтылат маалыматта.
Бул факт боюнча "Мыйзамсыз ишкердик кылуу" беренеси менен кылмыш иши козголду.
Уюштуруучулардын жашаган жерин тинтүү учурунда лотереялык барабандар, ойнотулуучу унаалардын документтери, лотерея билеттери жана ишке тиешелүү башка документтер алынган.
Учурда иштин бардык жагдайларын аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.