Мындан 47 жыл мурда дал ушул күнү планета аралык "Луна-24" станциясы Айга барып жеңил конгон.
1976-жылы Жерге Айдан жылчыксыз бүтөлүп оролгон, узундугу 160 сантиметр, салмагы 170 грамм болгон кутуга кумдуу кыртышты — топуракты алып келишкен.
Кийинчерээк бул баалуу топурактан NASA да алган. Аны Айды изилдеген "Аполлон" программасынын алкагында америкалыктар алып келген башка кумдуу кыртышка алмаштырышкан.
47 жыл өткөндөн кийин Россия Жердин жандоочусуна болгон сапарын кайрадан жандантты, ал эми "Луна-25" станциясы Жердин жандоочусунун үстүңкү катмарынан биринчи сүрөтүн тартты.
Тема боюнча: