19-августка карата аба ырайы

19-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
Sputnik
БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Ишембиде күндүз бийик тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +29...+34, Таласта +26...+31, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +31...+36, Ысык-Көлдө +25...+30 жана Нарында +27...+32 градус болот.
Термометр бул күнү Бишкекте +32...+34, Чолпон-Атада +26...+28 жана Ош шаарында +34...+36 градусту көрсөтөт.
Күздүн башында суук түшөбү? Сентябрга карата аба ырайы