Жогорку Кеңеш шашылыш түрдө 130 компьютер сатып алууга конкурс жарыялады

Sputnik
БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Жогорку Кеңешке 130 даана персоналдык компьютер сатып алууга конкурс жарыяланды. Бул тууралуу жарыя Мамлекеттик сатып алуулар порталына чыкты.
Аталган компьютерлерди сатып алууга 7,8 миллион сом сунушталган. Анда "квалификациялык талаптар менен котировкаларды сурап алуу" ыкмасы колдонулат. Мында электрондук каталог аркылуу эң аз баа көрсөтүү негизги критерий болуп саналат. Конкурс шашылыш өткөрүлүп, катышууну каалагандар үч жумушчу күндө табыштама берүүгө үлгүрүшү керек.
Парламент Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяны 16-августта чыгарган, мөөнөтү 22-августта аяктай турганы белгиленди.
“Салык чекке” байге сатып алуу үчүн эки тендер өтпөй калып, үчүнчүсү жарыяланды