Ташиев кыргызча сүйлөгөн блогер Анатолийге сыйлык тапшырды. Видео

УКМК төрагасы блогерге белек катары камчы карматып, башына ак калпак кийгизди.
Sputnik
БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз тилинде роликтерди тарткан блогер Анатолий Разгоняевди кабыл алды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Жолугушууда Ташиев Анатолийдин кыргыз тилин өнүктүрүүгө кошуп жаткан салымын жогору баалай турганын белгилеп, блогердик ишмердигин патриоттук духта улантышы керектигин айтты.
"Кыргызстандын көп улуттуу ар бир жараны, кайсы улуттун өкүлү экендигине карабастан Кыргызстанды чын дилден сүйүп, анын ар тараптуу өнүгүшүнө жардам бериши керек. Бул багытта блогер Анатолий Разгоняев сыяктуу жарандардан үлгү алууга болот", — деген Ташиев.
УКМК төрагасы блогерге белек катары камчы карматып, башына ак калпак кийгизди.
Ташиев паспорту жок жүргөн 32 жаштагы жаранга документ тапшырды