Кыргызстан менен СУАРдын ортосунда кол коюлган документтер

Буга чейин Акылбек Жапаровдун Синьцзян-Уйгур автономиялуу районуна жумушчу сапары менен барганы маалымдалган.
Sputnik
БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин саясий бюросунун мүчөсү, Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун (СУАР) партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй менен жолугушту.
1 / 4

Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин саясий бюросунун мүчөсү, Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун (СУАР) партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй менен жолугушту

2 / 4

Өкмөттүн маалымат кызматы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлганын маалымдады

3 / 4

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду

4 / 4

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду

Өкмөттүн маалымат кызматы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлганын маалымдады.
Алар:
1. Электр энергиясын жеткирүү максатында энергетикалык инфраструктураны байланыштыруу ниети жөнүндө меморандум;
2. Пландалган “Бедел” өткөрүү пункту аркылуу өткөн унаа жолдун курулушу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү меморандум;
3. Чек аралар аралык электрондук сооданы өнүктүрүү жана жөнөтүлгөн товарларды жүгүртүүнү тездетүү үчүн эки өлкөнүн почта кызматтарынын алакасын кеңейтүү жөнүндө келишим;
4. Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун жогорку окуу жайларында Кыргызстандын жарандары билим алуусу үчүн стипендиялык 25 орун бөлүп берүү жөнүндөгү келишим;
5. Кыргызстандын Энергетика министрлиги менен TBEA ортосунда Сары-Жаз каскадынын курулушу боюнча кызматташуу ниети жөнүндөгү меморандум;
6. Кыргызстандын Энергетика министрлиги менен TBEA ортосунда “Кемин-Торугарт” 500 кВт электр өткөргүч линияларынын курулушу боюнча кызматташуу тууралуу меморандумдун долбоору.
Кыргыз-кытай кызматташтыгына тоскоол болгон чектөөлөрдү алып салуу талкууланды