Нарында жумушчулардын жоктугунан мектептин курулушу кийинки жылга калтырылды

Билим берүү мекемесинин курулушу өткөн жылдын күз айларында башталган.
Sputnik
БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Нарын шаарындагы мектептин курулушуна жумушчулар жетишпей имарат кийинки жылы бүткөрүлмөй болду. Бул тууралуу Sputnik. Кыргызстан редакциясынын аймактык кабарчысы билдирди.
Өткөн жылдын ноябрь айында шаардагы № 9 Абдыкадыр Садыков атындагы орто мектептин жаңы имаратынын курулушу башталып, капсуласын салуу салтанаты болгон. Жаңы 375 орундуу мектеп республикалык бюджеттен 141 млн. 500 миң сомго каржыланып, бардык шарты менен заманбап типте курулары айтылган.
1 / 2

Нарын шаарындагы мектептин курулушуна жумушчулар жетишпей имарат кийинки жылы бүткөрүлмөй болду.

2 / 2

Өткөн жылдын ноябрь айында шаардагы № 9 Абдыкадыр Садыков атындагы орто мектептин жаңы имаратынын курулушу башталып, капсуласын салуу салтанаты болгон.

Бүгүн Нарын шаардык кеңешинин төрагасы Автандил Молдосалиев, шаардык кеңештин депутаттары аталган мектептин жаңы окуу жайынын курулушу эмне себептен жай жүрүп жатканын билүү үчүн барышкан. Анда Нарын облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары Давид Курманов курулуш иштери быйыл бүтө турган 100 мектептин тизмесине кошулбагандыгын билдирди. Айтымында, мектеп келе жаткан жылы бүткөрүлүп пайдаланууга берилет.
Ал курулуш иштери жумушчулардын жоктугуна байланыштуу жай жүрүп жаткандыгын белгилеген.
"Мындан тышкары, курулушка колдонулуучу плиталар "Таш-Темир" ишканасынан алынмак. Бирок учурда плиталарды берүү кечиктирилип жатат", — деген Курманов.
РКӨФтүн колдоосу менен Караколдо 660 орундуу заманбап мектеп курулат. Сүрөт