Малайзияда учак трассадагы автоунаа менен мотоциклге кулады. Кырсыктын видеосу

Борттогулардын баары жана жердеги эки адам көз жумду.
Sputnik
БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Малайзияда учак трассага кулап, жердеги автоунаа менен мотоциклге урунду. Бул тууралуу RT жазды.
Аба кемеси кулап түшкөндөн кийин жарылып кеткен. Кырсыктын учуру видеого түшүп калган.
Жергиликтүү ЖМКлар кеминде 10дон ашуун адам каза тапканын жазышты. Анын экөө пилот, ичиндеги алты жүргүнчү, автоунаанын жана мотоциклдин айдоочусу.
Кырсыктын себеби белгисиз.
Индиядагы жүрөк үшүн алган жер көчкүнүн видеосу