Кытай менен электрондук соода жүргүзүү. Кыргызстан маанилүү келишимге кол койду

Макулдашуу Бишкек менен Кашкардын экономикалык аймагынын ортосундагы электрондук соода товарларын ташууну тездетүүгө жардам берет.
Sputnik
БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Министрлер кабинети менен Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялуу району эки өлкөнүн почта кызматтарынын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүнү макулдашты. Бул тууралуу Экономика министрлиги кабарлады.
“Кыргыз-кытай чек арасы аркылуу эл аралык почта жөнөтүүлөрүн, транс чек аралык электрондук коммерция товарларын ташууну жана өткөрүүнү тездетүү максатында тараптар “почтаны тез өткөрүү ыкмасын” аныкташты”, — деп жазылган маалыматта.
Тараптар почта жөнөтүүлөрүн кабыл алуу, жөнөтүүнү иштетүү процесстерин үзгүлтүксүз жүргүзүүнү камсыз кылуу, алмашуу пунктуларын, ошондой эле башка базалык инфраструктуралык мекемелерди түзүү иштерин колдой турганы айтылат.
Бул макулдашуу келечекте электрондук коммерцияны өнүктүрүүгө багытталган.
Кыргызстан менен СУАРдын ортосунда кол коюлган документтер