Кыргызстандын экспортунда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн үлүшү канча? Статистика

2023-жылдын биринчи жарым жылдыгында република 1,3 миллиард долларга товар саткан.
Sputnik
БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, өлкө экспортунун 48,9 пайызы ЕАЭБ мамлекеттерине туура келет. Бул — быйылкы жылдын январынан баштап июнуна чейинки көрсөткүч.
Аталган убакыт аралыгында Кыргызстан 1,3 миллиард долларга товар саткан.
Региондор боюнча маалымат:
ЕАЭБ өлкөлөрүнө — 639 миллион доллар (жалпы экспорттун 48,9 пайызы). Басымдуу бөлүгү — 389,2 миллион доллар Россияга туура келет (бул жалпы көлөмдүн 29,8 пайызы);
ЕАЭБди эсепке албаганда КМШ мамлекеттерине — 120 миллион доллар (9,2 пайыз);
Европа — 277,1 миллион доллар (21,1 пайыз);
Азия — 263,4 миллион доллар (20,2 пайыз).
Эки Америкага, Африкага, Австралия жана Океанияга болгон экспорттун жалпы көлөмү бир пайызга жетпейт.
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикасы өсүш жолунда. ЕАӨБдүн маалыматы