Ысык-Көлдү сактоо максатында салынган айып пулдун баасын жогорулатуу керек. Мындай пикирин Таалай Далбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Ысык-Көл боюнча жазылган нормалар бүгүнкү күндүн талаптарына жооп бербейт.
"Соңку 2-3 жылдан бери суу ресурстарына өзгөчө көңүл бурулуп баштады. Алардын ичинен Ысык-Көлгө басым жасалып, аны сактап калуу үчүн чоң жумуштар аткарылууда. Зыян келтиргендерге салынган айып пулдун баасын жогорулатуу керек. Анткени буга чейин жазылган нормалар азыркы кездин талаптарына жооп бербейт. Эскиргендиктен жакын арада өзгөртүү шарт. Талаптарды күчөтпөсөк көлүбүздү жоготуп алуу коркунучунда турабыз. Биздин бүгүнкү аракетибиз — Ысык-Көлдүн эртеңки келечеги", — деди Далбаев.
Ал активдүү жаштар Ысык-Көлдөгү таштанды чогултуу боюнча акцияларды бат-баттан өткөрүп, жаратылышты сактап калууга өз салымдарын кошуп жатканын кошумчалады.