Чуулгандуу "Золотые пескиде" кыздардын мушташкан видеосу тарады. Үчөө камалды

Үй камагына алынган кыздардын үчөө тергөөгө келүү талаптарын бузгандыктан катаал жаза берилген.
Sputnik
БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Социалдык тармактарда Бостеридеги чуулгандуу "Золотые пески" эс алуу жайында жаш кыздардын мушташып жаткан видеосу тарады.
Кадрдан топ кыздар эки кызды жерге жаткырып алып ур-тепкиге алганын, сөгүнүп-сагынып, аёосуз бетке тээп жатканын көрүүгө болот.
Облустук милициянын маалымат кызматы окуя 3-июль күнү болгонун билдирди. Анда Ысык-Көлдүн Чырпыкты айылынын 22 жаштагы тургуну белгисиз кыздар күч колдонуп iPhone 11 Pro телефонун тартып алып, курбусу экөөнү эч себепсиз сабашканын айтып кайрылган. Ал чара көрүүнү өтүнүп, келтирилген чыгым 48 миң сомду түзгөнүн билдирди.
Аларга карата Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси ("Тоноо") менен кылмыш иши козголгон.
Кылмышка шектүү жарандар райондук тергөө кызматына алып келинип, Бишкек шаарынын 16-17 жаштагы С.Г., А.К., Т.А., Т.П., З.Б. жана К.А. аттуу тургундары экени аныкталган.
"Жүргүзүлгөн алгачкы суракта кармалган кыздар күнөөсүн толугу менен моюндарына алышкан. Райондук соттун чечими менен тергөө учурунда үй камагына алуу баш коргоо чарасы тандалган. Бирок Т.А., Т.П. жана З.Б. бир нече жолу тергөөгө келүү талаптарын бузган. Мындан улам тергөөнүн өтүнүчү менен ал үчөө 1-сентябрга чейинки мөөнөткө камакка алынды", — деп айтылат маалыматта.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары уланып, шектүүлөрдүн башка ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар-жогу текшерилүүдө.
Ысык-Көлдөгү пляжда скутер иштеткендер ата-баланы сабашкан. Жаңы жагдайлар