18-августка карата аба ырайы

18-августта түнкүсүн өлкөнүн дыйканчылык аймактарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Жума күнү күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +28…+33,Таласта +26…+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +30…+35, Ысык-Көл чөлкөмүндө +23…+28, Нарын өрөөнүндө +25…+30 градусту көрсөтөт.
Абанын табы Бишкекте +31…+33, Ош калаасында +33…+35, Чолпон-Атада +24…+26 градус ысыйт.
Күздүн башында суук түшөбү? Сентябрга карата аба ырайы