БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Жалал-Абад облусунда Gurza – vipera Leberetna turaniga аталышындагы күчтүү уулуу зат сатуу аракетине бөгөт коюлганын УКМК билдирди.
Маалыматта Ала-Бука айылынын аймагында аталган заттын 500дөн ашык ампуласын (1 ампула 5 г) сатып жаткан жеринен төрт киши кармалганы, анын бири чет элдик жаран экени айтылат.
Товар коңшу өлкөлөрдүн биринен алып келинген.
Аталган уулуу зат фармакология жана медицинада, ошондой эле синтетикалык каражаттарды даярдоодо кеңири колдонулат. Гюрза уусунун бир граммы көмүскө базарларда 300дөн 600 долларга чейин бааланат.
Кармалгандар УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.