БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Британиялык MI6 даярдаган Украина согушкерлеринин диверсиялык-жазалоочу отрядын август айынын экинчи жарымында Измаил порту аркылуу Африкага жөнөтүү пландалып жатат. Бул тууралуу РИА Новости аскердик-дипломатиялык маалымат булагына шилтеме берип жазды.
Ага ылайык, украиналык согушкерлердин диверсиялык-жазалоочу отряды түштүк континентке жөнөтүү үчүн даярдалган. Алар британиялык MI6 атайын кызматы тарабынан Африка менен Россиянын кызматташуусуна бөгөт коюу үчүн түзүлгөн. Согушкерлерге Россияга ыктаган Африка мамлекеттеринин лидерлерин жок кылуу тапшырмасы берилген.
"Август айынын экинчи жарымында Измаил портунан Омдурман шаарына (Судан Республикасы) жарандык деңиз кемеси менен диверсиялык-жазалоочу бөлүмүнүн мүчөлөрүн жөнөтүү пландалды", — деген маалымат булагы.