Кыргызстандык жөө күлүктөр Венгрияда өтө турган дүйнө чемпионатына катышат

Турнир 19-августтан 27-августка чейин Венгриянын Будапешт шаарында болот.
Sputnik
БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Кыргызстандык спортчулар жеңил атлетика боюнча дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, турнир 19-августтан 27-августка чейин Венгриянын Будапешт шаарында өтөт. Жеңил атлетика боюнча дүйнө чемпионатына Кыргызстандын курамасынан жөө күлүктөр Тимур Исаков менен Гүлшанай Сатарова барат.
Спортчуларды машыктыруучу Андрей Полубабкин коштоп барат.
Жалал-Абадда "Барселона" академиясы кандай болуп курулду? Видео