Акылбек Жапаров Синьцзян-Уйгур автономиялуу районуна барды

Министрлер кабинетинин төрагасынын автономиялуу райондун жетекчилиги, Кытайдын алдыңкы корпорацияларынын жетекчилери, ишкерлер менен жолугушары айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районуна жумушчу сапары менен барды. Маалыматты өкмөттөн билдиришти.
Анда айтылгандай, Жапаров сапардын алкагында Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун жетекчилиги менен бир катар жолугушууларды өткөрөт жана эки тарапты кызыктырган бардык тармактар боюнча маселелер талкууланат.
Ошондой эле ал "Кытай-Евразия: товарлар жана соода-2023" ЭКСПОнун ачылышына катышат, анын ичинде Кыргызстанга тиешелүү павильон да бар.
"Мындан тышкары, Жапаров Кытайдын алдыңкы корпорацияларынын жетекчилери, кытайлык ишкерлер менен жолугат. Андан ары Үрүмчү шаарынын эркин экономикалык аймагына барат жана кыргыз-кытай бизнес-форумуна катышат", — дешти министрлер кабинетинен.
Белгилей кетсек, жумушчу сапар Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуйдун чакыруусу боюнча уюштурулду. Ал ушул жылдын март айында Кыргызстанга келип кеткен.
Садыр Жапаров Өзбекстандын премьери Абдулла Ариповду кабыл алды