Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

"Армия-2023": Россия Украинадан олжолоп алган батыштын техникасын көрсөттү

Аталган техниканын баары Россияга каршы колдонулган.
Sputnik
БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Ушу күндөрү Подмосковьеде өтүп жаткан Эл аралык аскердик-техникалык "Армия-2023" форумунун алкагында "Патриот" паркында Россиянын Коргоо министрлиги Украинада жүрүп жаткан атайын операция маалында олжолонгон техниканы көрсөттү. Бул тууралуу Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы жазды.
Министрлик экспозиция былтыркы жылдын августунан тарта түзүлө баштаганын белгилеген эле. Бул убакыт аралыгында министрлик курал-жарак менен техниканын 870 бирдигин чогултууга үлгүргөн.
Олжолонгон техниканын катарында Франциянын AMX-10RC дөңгөлөктүү танкы, Финляндиянын XA-180 БТРи, Австралиянын Bushmaster сооттолгон машинасы, Улуу Британиянын Husky, Saxon жана Mastiff сооттолгон автоунаалары бар.
Бул техниканын баары Украинада жүрүп жаткан атайын операция учурунда Россияга каршы колдонулган.
"Армия-2023": жердеги техниканы калкалаган "Тор-2Э" зениттик-ракеталык комплекси