Ош шаарында беш өлкөнүн бийчилери жөө жүрүш жасашты

Чет элдик бийчилер эл аралык фестивалга катышуу үчүн келишкен.
Sputnik
БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Ош шаарында "Бий искусствосу-2023" эл аралык фестивалы башталды. Иш-чара 19-августка чейин уланат. Бул тууралуу Шаардык маданият башкармалыгынын жетекчиси Элдияр Кадыркулов билдирди.
Индия, Өзбекстан, Казакстан, Россия жана Кыргызстандын бий топтору катыша турган фестиваль шаардагы Бабур атындагы музыкалык драма театрынын алдында старт алды.
1 / 6

Ош шаарында "Бий искусствосу-2023" эл аралык фестивалы башталды. Иш-чара 19-августка чейин уланат.

2 / 6

Индия, Өзбекстан, Казакстан, Россия жана Кыргызстандын бий топтору катыша турган фестиваль шаардагы Бабур атындагы музыкалык драма театрынын алдында старт алды.

3 / 6

Иш-чаранын ачылыш аземинин алдында анын катышуучулары улуттук ыр-бийдин коштоосунда борбордук аянттан Ленин көчөсү менен шаардагы Бабур атындагы музыкалык драма театрына чейин жөө жүрүш жасашты.

4 / 6

Маданий саамалыкты Ош шаардык мэриясы менен Ош шаардык маданият башкармалыгы уюштурууда.

5 / 6

"Бий искусствосу-2023" эл аралык фестивалы

6 / 6

"Бий искусствосу-2023" эл аралык фестивалы

“Иш-чаранын ачылыш аземинин алдында анын катышуучулары улуттук ыр-бийдин коштоосунда борбордук аянттан Ленин көчөсү менен шаардагы Бабур атындагы музыкалык драма театрына чейин жөө жүрүш жасашты. Фестивалдын алкагында республиканын бардык аймактарынан келген кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү да ачылды", — деди Кадыркулов.
Маданий саамалыкты Ош шаардык мэриясы менен Ош шаардык маданият башкармалыгы уюштурууда.
Маданият, искусство жана спорт чөйрөсүнө 673 млн. сом бөлүндү