Эл эсинде... Нарвада Т-34 танкына арналган эстеликтин алынганына бир жыл толду

Sputnik
БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Былтыр ушу күнү Эстониянын Нарва шаарында Т-34 танкасына арналган эстелик демонтаждалган. Бул тууралуу Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы эскертип, видеосун жарыялады.
Жергиликтүү тургундар ар жыл сайын 9-май күнү монументке гүл коюшчу, быйыл эстеликтин алынганы да элге тоскоол боло алган эмес.
Бийлик шаар жашоочуларынан мурда танк турган жерге "башаламандык болуп кетпеши үчүн" келбей эле коюуну өтүнүүдөн башка аргасы калган жок.
Полтавада Пушкин менен Ватутинге коюлган эстеликти алып салышты