Маданият, искусство жана спорт чөйрөсүнө 673 млн. сом бөлүндү

Sputnik
БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Маданият, искусство жана спорт чөйрөсүнө өлкө бюджетинен 673 миллион 515 миң сом бөлүндү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Тийиштүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.
"Бөлүнгөн акча маданият чөйрөсүн рыноктук шарттарга адаптациялоого багытталат", — деп айтылат маалыматта.
2022-жылдын апрелинде маданият тармагынын кызматкерлеринин эмгек маянасы дээрлик 100 пайызга көбөйтүлгөнү эске салынды.
Радио
Мадалбеков: "Кыргыз сериал" заманбап стилдеги роликтерди тартты