Радио

Мадалбеков: "Кыргыз сериал" заманбап стилдеги роликтерди тартты

Режиссер Дастан Мадалбеков тартылган роликтерде эки муундун көз карашы чагылдырылганын айтты.
Sputnik
"Кыргыз сериал" чыгармачылык өндүрүштүк бирикмеси заманбап стилде кыргыздын баалуулуктарын даңазалаган 12 ролик тартып бүттү. Бул тууралуу Дастан Мадалбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, чыгармачыл топто кадыр-барктуу инсандар эмгектенген.
"Кыргыз сериал" мамлекеттик мекемеси тарабынан өзүбүздүн наркыбызды баалоого чакырган 12 ролик тартылып бүттү. Ал жакта режиссерлук кызматты аркаладым. Бул жерде белгилеп кетчү жагдай, тартылган роликтердин көркөм жетекчиси белгилүү режиссер Шамил Жапаров агайыбыз болду. Роликтерде баалуулуктарбыз чагылдырылды. Аны үч жаштагы бөбөктөр да көрсө болот. Атанын орду, жылкынын мааниси жана боз үйдүн баалуулугу сыяктуу бир катар маанилүү нерселерге токтолдук. Чыгармачылык топто жаштар жана улуу муундун өкүлдөрү болгондуктан ар кайсы курактагы адамдардын ою ортого салынды. Заманбап стилде, өзгөчө эффект, анимация менен коштолгон эмгегибизди көрүүчүлөр жөн гана көрүп койбостон, ойлонуп, жыйынтык чыгарса дейм, — деди режиссер.
Ал тартылган роликтердин хронометражы орточо бир мүнөт экенин кошумчалады.