Радио

Кулжанова: ЕАЭБ алкагында бирдиктүү пенсия системасы иштеп жатат

Социалдык фонддун пенсиялык жана тарифтик саясат башкармалыгынын башчысы Жылдыз Кулжанова КР мигранттарынын 92 пайызы ЕАЭБ мамлекеттеринде, Түркияда жана Түштүк Кореяда экенин айтты.
Sputnik
ЕАЭБ мамлекеттеринин кайсы биринде эмгектенсе да жарандар пенсиясын ала алышат. Болгон талап — расмий ишке орношуу керек жана 12 айдан кем эмес иштеген болушу шарт. Учурда бул система менен пенсия алып жаткан кыргызстандыктар бар. Мисалы, Россия 17 кыргызстандыкка пенсия төлөп баштады. Бул тууралуу Жылдыз Кулжанова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Түштүк Кореяда жана Түркияда эмгектенген кыргызстандыктар да ошол мамлекеттерден пенсияга чыга алышат.
"Евразия экономикалык биримдигинде мүчө-мамлекеттер ортосунда бирдиктүү пенсия системасы ишке киргенден бери Кыргызстан 37 россиялыкка, жети казакстандыкка жана бир Беларусь жаранына пенсия чектеди. Ал эми Россия Федерациясы учурда 17 кыргызстандыкка пенсия берип жатат. Ушундай эле келишимдер Түркия менен Кыргызстандын ортосунда да бар. Азыр бизге Түркиядан 159 жаран боюнча маалымат берүүбүздү өтүнгөн билдирмелер келип түшкөн. Алар пенсия курагына жеткендигине байланыштуу бул жактан пенсияга чыгышат жана Түркияда иштеген жылдарын ал мамлекет бизден маалымат алган соң төлөп берет. Ал эми Түштүк Корея менен болгон келишимге ылайык, 90 адам кайрылган. Алардын 72сине төлөп берилди. 10 кишинин документи туура эмес болуп калды, калган сегизи учурда аракетте. Түштүк Корея менен келишим бир аз башкачараак. Мисалы, ЕАЭБ мамлекеттеринде иштеген эмгек мигранттары ошол өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында пенсия алып, ал өлкөдө пенсия көбөйсө көбөйүп, эмгек стажы эсептелип, жаш курагы эске алынса, Түштүк Кореяныкы топтомо система болгон үчүн бир ирет гана топтолгон каражатын жөнөтүп коюшат", — деди Кулжанова.
Ал жогорудагы аталган мамлекеттерге эмгек миграциясына баргандар ишке расмий орношуусу зарылдыгын кошумчалады.