Чолпон-Атада кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны өтүүдө

Жыйын Акылбек Жапаров жана Абдулла Ариповдун төрагалыгы астында өттү.
Sputnik
БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Чолпон-Атада Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы өкмөттөр аралык эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен комиссиясынын 10-жыйыны тар жана кеңейтилген курамда өттү. Бул тууралуу министрлер кабинети билдирди.
Жыйын кыргыз өкмөт башчы Акылбек Жапаров жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповдун төрагалыгы астында өттү.
1 / 3

Чолпон-Атада Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы өкмөттөр аралык эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен комиссиясынын 10-жыйыны тар жана кеңейтилген курамда өттү

2 / 3

Жыйын кыргыз өкмөт башчы Акылбек Жапаров жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповдун төрагалыгы астында өттү

3 / 3

Жыйында соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча маселелер талкууланды. Жапаров үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында 50дөн ашуун сапар, биргелешкен иш-чара уюштурулганы эки тараптуу мамилелердин өсүшүнөн кабар берерин билдирди

Жыйында соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча маселелер талкууланды. Жапаров үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында 50дөн ашуун сапар, биргелешкен иш-чара уюштурулганы эки тараптуу мамилелердин өсүшүнөн кабар берерин билдирди.
"Жогорку деңгээлде болуп өткөн иштер эки тараптуу мамилелерге ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк статусун берүүгө күчтүү түрткү болду. Эми биздин алдыбызда жетишилген бардык макулдашууларды өз убагында жана сапаттуу ишке ашыруу милдети турат", — деди Акылбек Жапаров.
Министрлер кабинети Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода-экономикалык мамилелерде оң тенденция байкалып жатканын кабарлады. Маселен, быйылкы жылдын 5 айында соода жүгүртүүнүн көлөмү 13,3%га өсүп, 215,8 миллион долларды түздү. Жакынкы келечекте эки тараптуу сооданы 2 миллиард долларга жеткирүү пландалууда.
Өз сөзүндө Акылбек Жапаров Кыргызстан менен Өзбекстан ар тараптуу кызматташууларын тереңдетүүгө бизнес-чөйрө, эки өлкөнүн соода-өнөр жай палаталары, ишкерлер кеңеши, Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду сыяктуу бир катар тармактар маанилүү роль ойноорун белгиледи.
"Өзбекстандагы Кыргызстандын соода өкүлчүлүгү өз ишин баштады. Ошондой эле эки мамлекет биргелешип автомобиль жана коммерциялык техникаларды чыгара турган объектинин курулушуна капсула салды. Мындан тышкары, жеңил жана тамак-аш өнөр жайы, тоо-кен өндүрүшү, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү тармактарында биргелешкен ишканаларды түзүү, кичи жана орто гидроэлектростанцияларды куруу боюнча долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылып жатканын белгилегим келет", — деди Жапаров.
Кыргызстан менен Өзбекстандын суу-энергетика, транспорт жана коммуникация тармагында эки тараптуу кызматташуунун оң тажрыйбасы бар экени белгиленди.
Отурумдун соңунда сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын 10-жыйынынын протоколуна кол коюлду.
Садыр Жапаров Өзбекстандын премьери Абдулла Ариповду кабыл алды