Коргоо министри Бекболотов Москвадагы "Армия-2023" форумуна катышууда. Сүрөт

Иш-чара 14-августта башталган. Министр Москвага россиялык кесиптешинин чакыруусу менен барды.
Sputnik
БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Бекболотов Москвада өтүп жаткан Эл аралык аскердик-техникалык "Армия-2023" форумуна жана эл аралык коопсуздук боюнча XI конференцияга катышып жатат. Бул тууралуу Коргоо министрлиги билдирди.
1 / 3

Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Бекболотов Москвада өтүп жаткан Эл аралык аскердик-техникалык "Армия-2023" форумуна жана эл аралык коопсуздук боюнча XI конференцияга катышып жатат

2 / 3

Маалыматта министр аталган иш-чараларга Россиянын коргоо министри Сергей Шойгунун чакыруусу менен барганы айтылат

3 / 3

Аскердик-техникалык форумдун алкагында кыргыз делегациясы "Армия-2023" форумунда көрсөтүлгөн Россиянын жана башка бир катар өлкөлөрдүн жаңы аскердик-өнөр жай комплекстери менен таанышты

Маалыматта министр аталган иш-чараларга Россиянын коргоо министри Сергей Шойгунун чакыруусу менен барганы айтылат.
Аскердик-техникалык форумдун алкагында кыргыз делегациясы "Армия-2023" форумунда көрсөтүлгөн Россиянын жана башка бир катар өлкөлөрдүн жаңы аскердик-өнөр жай комплекстери менен таанышты.
"Эл аралык коопсуздук боюнча Москва конференциясынын жүрүшүндө республиканын коргоо ведомствосунун башчысы глобалдык коопсуздуктун актуалдуу маселелери каралган пленардуу жолугушууларга катышты", — деп айтылат билдирүүдө.
Ошону менен бирге Бекболотов Россия коргоо министринин орун басары, генерал Александр Фомин менен жолугушкан. Тараптар аскердик жана аскердик-техникалык чөйрөдөгү эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Көп кырдуу Р-177М. "Армия-2023" форумунда жаңы сооттолгон машина көрсөтүлдү