Дагестанда май куюучу жайдагы жарылуу. Жапаров Путинге көңүл айтты

Акыркы маалымат боюнча, кырсыктан 35 киши каза таап, 60тан ашуун адам ооруканага жеткирилди.
Sputnik
БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров РФ лидери Владимир Путинге Дагестандагы май куюучу жайда болгон жарылуудан адамдардын каза болгонуна байланыштуу көңүл айтканын өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
"Дагестандагы май куюучу станциядагы жарылуунун кесепетинен адамдар каза болгондугуна байланыштуу кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан терең кайгыруу менен көңүл айтам. Каза болгондордун үй-бүлөсүнө жана жакындарына орду толгус оор жоготуунун аза кайгысын тең бөлүшөм жана бардык жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетишин тилейм", — деп айтылат телеграммада.
Кечээ, 14-август күнү, Махачкалада автосервистен өрт чыгып жанындагы май куюучу жайга жайылган. Андан кийин жарылуу болуп, натыйжада 35 адам набыт болду, анын ичинде балдар да бар. Мындан тышкары, 60тан ашуун киши ооруканаларга жеткирилген.
Гавайидеги ири өрттөн 89 адам каза болду