Жалал-Абадда "Барселона" академиясы кандай болуп курулду? Видео

Клубдун академиясы Борбор Азияда биринчи болуп ачылып жатканын белгилешти.
Sputnik
БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Жалал-Абад шаарында "Барселона" футбол академиясынын курулушу аяктады. Бул туурасында окуу жай социалдык баракчасы аркылуу кабарлады.
Расмий ачылыш аземи 29-августта болот. Ага Президент Садыр Жапаров, "Барселона" футбол клубунун президенти Жоан Лапорта, легендарлуу оюнчулар, мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү, Өзбекстан, Казакстан жана башка өлкөлөрдөн чакырылган коноктор катышары айтылды.
Академия кыргызстандыктарга гана эмес, бүтүндөй Фергана өрөөнүнүн таланттуу балдарына өз эшигин ачат. Алар эксклюзивдүү машыктыруу методикасы боюнча окушат.️‍‍‍
"Барселонанын" франшизасын кыргызстандык JALGROUP ASIA компаниясы сатып алып келген. Алар мындай академия Борбор Азияда биринчи болуп ачылып жатканын белгилешти. Ал эми дүйнө жүзү боюнча бул клубдун 28 академиясы бар.
Ошто 250 миң адамга ылайыкташкан "акылдуу шаар" курулат. Мэрия эскизин көрсөттү