Көлдө төрөт маалында дарыгерлер ымыркайдын акырегин сындырып алып, иликтөө башталды

Окуяга тиешеси бар бардык медицина кызматкерлеринин аракетине юридикалык да баа берилет.
Sputnik
БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги Ысык-Көлдө төрөт учурунда ымыркайдын акыреги сынган окуя боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүүдө. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
Окуя 14-августта Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын төрөт бөлүмүндө болгон. Маалыматта ымыркайдын акыреги төрөт учурунда сынып кеткени айтылат.
“Төрөттүн ар бир этабында медициналык стандарттардын сакталышын текшерүү үчүн атайын топ түзүлдү. Ал окуянын бардык жагдайын тактайт жана ага медициналык баа берет”, — деп билдирди министрлик.
Ошондой эле ички иштер органдары бул факт боюнча өз алдынча иликтөө иштерин баштаганы айтылды. Окуяга тиешеси бар бардык медицина кызматкерлеринин аракетине юридикалык да баа берилип, мыйзам бузуулар аныкталса эң катаал чаралар көрүлөрү кошумчаланды.
Учурда эне-балага керектүү болгон медициналык жардам көрсөтүлүүдө.
Эмдөөдөн өткөн эмес. Кыргызстанда кызылчадан эки бөбөк чарчап калды