БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Мындан туура 33 жыл мурда, 1990-жылдын 15-августунда, "Кино" тобунун негиздөөчүсү жана лидери Виктор Цой жол кырсыгына кабылып каза болгон. Кайгылуу окуя тууралуу Ближнее зарубежье Telegram каналы эске салып, ырчы тууралуу видео жарыялады.
Каргаша Латвиянын трассасында болгон. Эмгек эргүүсүндө жүргөн Цой балык уулоодон келе жатып "Икарус" автобусу менен кагышкан. Ырлары оозго алынып, өзү атак-даңктуу боло баштаган 28 жаштагы ырчынын мүрт кеткени айтылган.
Виктор Цой ырларынын сөзүн да, обонун да өзү жазчу. Бүгүн бир катар шаарларда маркум эскерилип, ырлары жаңырат.