УКМК Украинадагы аскердик кагылышууга катышкан кыргызстандыкты кармады. Видео

Шектүү жаран Нарынга келген учурда колго түшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Украинадагы аскердик кагылышууга катышкан деп Нарын облусунун тургуну кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, Б.у.Б. атуу жаран былтыр февралда Россияга иштегени барып, кийин абакка отуруп калган. Ал жерден "Вагнер" жеке аскердик компаниясы менен келишим түзүп, Украинанын аймагында тапшырмаларды аткарып жаткан аскер топторунун катарына кошулган.
Б.у.Б. туулган жери Нарынга кайтып келген учурда колго түшкөн.
Үстүбүздөгү жылдын 1-августунда Б.у.Б. кичи мекени Нарынга келгенде кармалып, кылмыш иши сотко жөнөтүлгөн.
УКМК мындай ишке аралашкандар үй-мүлкүн конфискациялоо менен 5-10 жылга эркинен ажыратыларын эскертти.
Атайын операцияга катышкан кыргызстандык Россиядан жарандык берүүнү өтүнүүдө