Ишти саат 6да баштагыла! Транспорт министри Ысык-Көлдөгү жолчуларды тилдеди

Министр жол курулуп жаткан жерге күтүүсүз барып текшерүүгө алган.
Sputnik
БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Ысык-Көлдө жол оңдоп жаткан жолчуларды тилдеди.
Ал курулуш ишинин кечеңдеп жатканына нааразы болгон.
"Балыкчы — Барскоон — Каракол унаа жолунун 71-чакырымынан 141,6-чакырымына чейинки бөлүгүндөгү курулуш иштери кечеңдеп жаткандыктан эртең мененки саат 07:00дө күтүүсүз барып текшерүүгө алдым", — деп жазды министр өзүнүн соцтармактагы баракчасына.
Ал жеринен тартылган видео менен дагы бөлүшкөн. Анда ал жумушчуларды ишти эрте баштоого чакырган.
"Кана ишти баштаганыңар? Бир дагы техника чыга элек. Жаңы турдуңарбы? Асфальтты алыңарга жараша сыйрыбайт белеңер! Баарын алып салып ыңгайсыздык жаратып жатасыңар. Иштегиле! Жумушту саат 6:00дө баштагыла", — деди министр.
Ал ошондой эле аталган унаа жолдун 71 чакырымынан 141,6 чакырымына чейин "Арек Строй" компаниясы куруп жатканын кошумчалаган.
Кара-Сууда 5 чакырым жол курууда 2,7 млн. сом кымырган деп инженер кармалды