Радио

Кадыр Сайдилкан: Эверестке кайра баруу кыялым бар

Альпинизм федерациясынын вице-президенти, ишкер Кадыр Сайдилкан дүйнөнүн эң бийик чокусу Эверестке чыгуу үчүн күч, эрк жана каржылык даярдык керектелерин айтты.
Sputnik
Эверестти кайрадан багындыруу кыялым бар. Анткени чокудан түшкөндөн кийин кетирген көп каталарымды сезип, башкача кылсам болмок экен деп арманда калдым. Бул тууралуу Кадыр Сайдилкан Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, "7 континентте 7 чоку" долбоорунун алкагында эми Австралия континентинин эң бийик чокусуна чыгуу аракети болот.
"Эверест чокусуна баруунун өзү эрдик. Анткени күчүңдү гана даярдабастан, каржылык жактан да даярдык керек. Эверестти кайрадан багындыруу кыялым бар. Чокудан түшкөндөн кийин кетирген көп каталарымды сезип, башкача кылсам болмок экен деген арманым калды. Мүмкүнчүлүк түзүлүп калса кемчиликтерди эске алып, экинчи ирет кайталаганга даярмын. Буга чейин "7 континентте 7 чоку" долбоорунун алкагында Килиманжаро (Африка), Эльбрус (Европа), Аконкагуа (Аргентина — Түштүк Америка), Денали (Аляска — Түндүк Америка), Винсон (Антарктида) чокуларын багындырдым. Эми Австралия метеригинин эң бийик чокусуна чыгуу аракети болот. Ушуну менен бул долбоор толугу менен жыйынтыкталып, альпинизм, тоого байланышкан башка максат, пландарымды ишке ашырам", — деди Сайдилкан.
Ошондой эле ишкер Кыргызстандын альпинизминин потенциалы абдан жогору экендигин айтып, аны киреше алып келе турган тармакка айлантуу зарылдыгын кошумчалады.