Эрендердин оюну. Чолпон-Атада өткөн көк бөрү дүйнө кубогунан 20 сүрөт

Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылында көк бөрү боюнча клубдар аралык биричи дүйнө кубогу өтүп жатат. Турнир биринчи жолу уюштурулуп, аны президент Садыр Жапаров өзү ачты.
Sputnik
Ал ошондой эле Адамзаттын материалдык эмес мурастарынын тизмесинде.
Президент көк бөрү кыргыз элининин байыртадан ойнолуп келе жаткан улуттук оюндарынын бири экенин белгиледи. Оюн улакчыдан чапчаңдыкты, намыскөйлүктү, кара күчтү талап кылат. Көк бөрү эрки күчтүү, эч нерседен жалтанбаган, эл-жерин коргоого ар дайым даяр турган жоокерлерди өстүрүп чыгат.

Мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, АКШ, Түркия, Венгрия, Монголия жана Россиянын командалары катышууда. Турнир 20-августка чейин уланып, байге фонду 5 миллион сомду түзөт.

Көк бөрү — кыргыздын улуттук ат оюну. Спортчулар теке же серкени улак кылып тартышат. Атаандашынын тай казанына эң көп улак таштаган команда жеңишке жетет. Көк бөрү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасына, ошондой эле Адамзаттын материалдык эмес мурастарынын тизмесине киргизилген.
1 / 20

Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылындагы ипподромдо көк бөрү боюнча клубдар аралык биринчи дүйнө чемпионатынын ачылышы болду

2 / 20

Турнир биринчи жолу уюштурулуп, аны президент Садыр Жапаров өзү ачты

3 / 20

Мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, АКШ, Түркия, Венгрия, Монголия жана Россиянын командалары катышууда

4 / 20

Турнир 20-августка чейин уланат

5 / 20

Спортчулар теке же серкени улак кылып тартышат. Атаандашынын тай казанына эң көп улак таштаган команда жеңишке жетет.

6 / 20

Мелдештер үч форматта өткөрүлөт

7 / 20

Биринчи форматта Кыргызстан менен Казакстандын сегиз командасы беттешет

8 / 20

Экинчи форматка бардык сегиз өлкөнүн 12 клубу катышат

9 / 20

Үчүнчүгө АКШ, Түркия, Казакстан, Венгрия, Өзбекстан жана Монголиянын командалары, ошондой эле Кыргызстандан дагы бир команда катышат

10 / 20

Андан тышкары, үчүнчү форматта Кыргызстан менен Казакстандын 45 жаштан жогорку курактагы команда мүчөлөрүнүн ортосунда жолдоштук беттештер өтөт

11 / 20

Көк бөрү — кыргыздын улуттук ат оюну

12 / 20

Көк бөрү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасына кирет

13 / 20

Ал ошондой эле Адамзаттын материалдык эмес мурастарынын тизмесинде

14 / 20

Садыр Жапаров көк бөрү кыргыз элининин байыртадан ойнолуп келе жаткан улуттук оюндарынын бири экенин белгиледи

15 / 20

Кыргызда "көк бөрү — эрендердин эр оюну" деп айтылат

16 / 20

Турнирдин байге фонду 5 миллион сомду түзөт

17 / 20

Улакчылар оюн учурунда

18 / 20

Оюн улакчыдан чапчаңдыкты, намыскөйлүктү, кара күчтү талап кылат

19 / 20

Оюнчу улакты тай казанга салып жаткан учуру

20 / 20

Эл аралык турнирди Чолпон-Атада эки жылда бир өткөрүү пландалууда