БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Россиянын Кубинка шаарында өтүп жаткан "Армия-2023" форумунда жаңы Р-177М сооттолгон командалык-штабдык машина көрсөтүлдү. Бул тууралуу Ближнее зарубежье Telegram каналы жарыялап, видео жүктөдү.
Машинага жаңы муундагы байланыш каражаттары, электр кубаттоочу система орнотулган. Токтоп турганда да, жүрүп бара жатканда да күн-түн дебей ар кандай ыкмаларды жасай алат.
Эскерте кетсек, 14-августта аскердик-техникалык "Армия-2023" эл аралык форуму 20-августта соңуна чыгат. Анда атайын операция убагында мыктылыгын далилдеген техника жана бул жааттагы саамалыктар көрсөтүлөт. Быйыл аталган форумга 69 чет элдик делегация катышууда, анын 29ун коргоо министрлери менен генералдык штабдардын жетекчилери баштап келген.
Форумга келген коноктор 28 миңден ашуун экспонаттарды көрө алышат. Иш-чара үч аянтчада өтүп жатат: Патриот көргөзмө борборунда, “Алабино” полигонунда жана Кубинка аэродромунда. Көргөзмө экспозициясынын аянты 300 миң чарчы метрди түзөт.
Жыйынтыгында 433 миллиард рублден ашкан келишимге кол коюлары күтүлүүдө. Форумдун алкагында Эл аралык коопсуздук боюнча XI Москва конференциясы жана II Эл аралык антифашисттик конгресс өтөт.