Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Кеннеди: АКШнын Украинада биолабораториялары бар

Талапкердин айтымында, 2001-жылы АКШ кайрадан биологиялык куралга ири суммадагы акча сала баштаган.
Sputnik
БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. АКШ Украинадагы биолабораторияларын биологиялык курал программасынын алкагында түзө баштаган. Бул тууралуу АКШ президенттигине талапкерлигин койгондордун бири, Демократиялык партиянын өкүлү Роберт Кеннеди билдиргенин РИА Новости жазды.
Эскерте кетсек, ал — АКШнын мурунку президенти Жон Кеннединин бир тууган агасы Роберт Кеннединин баласы.
"Биздин Украинада биолабораторияларыбыз бар, анткени биокурал иштеп чыгуудабыз. Бул куралга CRISPR технологиясынын синтетикалык биологиясынын бардык түрү жана буга чейинки муунга жеткиликтүү болбогон гендик инженериянын ыкмалары колдонулуп жатат", — деди талапкер.
Саясатчынын айтымында, 2001-жылы АКШ кайрадан биологиялык куралга ири суммадагы акча сала баштаган. Бирок "Женева конвенциясын бузуу — кылмыш" болуп эсептелгендиктен биологиялык коопсуздукту тескөө вазийпасын Саламаттык сактоо министрлигиндеги ведомствого өткөрүп беришкен. Кеннеди биологиялык ар бир куралды иштеп чыгууда вакцина керектелерин айтып, анын кайра тескери иштей баштоо ыктымалдыгы күч экенин белгиледи.
Иликтөө АКШнын Украинадагы лабораториялары аскерий объект болгонун көрсөттү