Айыл чарба министрлиги эттин сапатын текшерүүнүн жолун айтты

Малды идентификациялоо системасы малдын туулган жана союлган жерин, клиникалык абалын жана башка маалыматтарды камтыйт.
Sputnik
БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Айыл чарба министрлиги керектөөчүлөрдү идентификациядан өткөн малдын этин сатып алууга чакырды. Мекеменин билдирүүсүнө ылайык, идентификациядан өткөн малга бардык тиешелүү текшерүүлөр жүргүзүлгөндүктөн, анын этин эч тынчсызданбай эле сатып алууга болот.
"Идентификациялоо системасы малдын туулган жана союлган жерин, клиникалык абалын жана башка маалыматтарды камтыйт. Базарга келгенде эттин сапатын сөзсүз текшерип алыңыз. Ал үчүн эт сатылган жайдагы протоколдо жайгаштырылган QR-кодду уюлдук телефон аркылуу ачып, эт тууралуу маалыматты окусаңыз болот", — дешти министрликтен.
Мекеме ар бир фермер малын идентификациядан өткөрүшү керектигин эскертти.
Мындан тышкары, Mal Chek электрондук кызматына кирип малдын идентификациялык номерин жазуу менен бардык маалыматтарды алуу мүмкүн. Ал эми Doc Chek сайты аркылуу ветеринардык адис тарабынан берилген документтердин аныктыгын текшере аласыз.
ЕАЭБде айыл чарба продукциясын өндүрүү дээрлик 3%га жогорулады