8 адамдын өмүрүн алган Тоңдогу жол кырсык: атасы, баласы, небереси мерт болду

Учурда алты адам ооруканада жатат, кээ биринин абалы оор.
Sputnik
БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Бишкек — Балыкчы унаа жолунун Таш-Сарай айылындагы тилкесинде (Тоң району) үрөй учурган жол кырсыгы катталып сегиз адам набыт болду. Кырсыктан жабыркагандар тууралуу маалыматты Саламаттык сактоо министрлигинин Ысык-Көл облусундагы координатору Жаңыл Акунова тастыктады.
Анын айтымында, 14-августка караган түнү болгон кырсыкта эки автоунаа кагышкан. Анын биринде Ысык-Көл, экинчисинде Нарын облусунун тургундары бара жаткан.
Акунованын айтымында, кырсыктын кесепетинен сегиз адам мүрт кеткен, анын ичинен экөө жаш бала. Ал эми алты киши Балыкчы шаардык ооруканасына жеткирилген. Арасында үй-бүлө мүчөлөрү дагы бар. Нарындын Жер-Көчкү айылында жашаган 64 жаштагы киши баласы жана небереси менен каза тапкан. Дагы бир уулу ооруканада.
Каза болгондор:
Д.М. — 1957-жылы туулган, Балыкчы шаарынын тургуну;
Р.О. — 1962-жылы туулган, Нарын облусунун Жер-Көчкү айылы;
Э.С. — 1959-жылы туулган, Нарын облусунун Жер-Көчкү айылы;
М.Э. у. — 1989-жылы туулган, Нарын облусунун Жер-Көчкү айылы;
У.Н. — 2021-жылы туулган, Нарын облусунун Жер-Көчкү айылы;
Б.М.у. — 2023-жылы туулган (беш айлык), Нарын облусунун Жер-Көчкү айылы;
Р.Р. — 1978-жылы туулган, Ысык-Көл облусунун Көк-Мойнок айылы;
Д.Н. — 1963-жылы туулган, Ысык-Көл облусунун Көк-Мойнок айылы.
Жаракат алгандардын тизмеси:
А.А. — 1964-жылы туулган, Нарын облусунун Жер-Көчкү айылынын тургуну, жандандыруу бөлүмүндө оор абалда жатат;
Ф. Ж.к. — 1992-жылы туулган, Нарын облусунун Жер-Көчкү айылы, жандандыруу бөлүмүндө;
Ч. Ж. — 1983-жылы туулган, Нарын облусунун Жер-Көчкү айылы, жандандыруу бөлүмүндө;
Н.Э.у. — 1997-жылы туулган, Нарын облусунун Жер-Көчкү айылы, травматология бөлүмүндө;
М.М. — 2013-жылы туулган, Ысык-Көл облусунун Көк-Мойнок айылы, травматология бөлүмүндө;
Э.Т. — 1985-жылы туулган, Ысык-Көл облусунун Көк-Мойнок айылы, травматология бөлүмүндө;
Жол кыймылы коопсуздук камсыздоо башкы башкармалыгы бул кырсык боюнча маалымат бербей жатат.
Ош — Кара-Суу унаа жолуна түтүк кулап эки адам каза болду