Алдыда боло турчу Азия оюндары, Олимпиада оюндарына карата спортчулар үчүн допингге каршы күрөшүү иштери күчөтүлүп, көзөмөл эл аралык стандарттардын негизинде жүргүзүлөт. Бул тууралуу Нургүл Кермакунова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Улуттук антидопинг борбору допинг-тесттердин санын көбөйтүп, спортчунун заарасынан, канынан, чачынан, тырмагынан анализ алып, заманбап ыкмаларды колдонуп баштады.
"Кыргызстандык спортчулар допингге каршы күрөшүү билимин жогорулатып, Эл аралык антидопинг агенттигинин сертификатына ээ болуп жатышат. Окутуунун алкагында спортчу кызытмага тиешелүү бардык керектүү маалыматтарды алат. Анда атлеттин жүрүм-турумунан баштап, тамактануу, витаминдерди кабыл алууга чейинки эрежелер камтылган. Алдыда боло турчу Азия оюндары, Олимпиада оюндарына карата спортчулар үчүн допингге каршы күрөшүү иштери күчөтүлүп, көзөмөл эл аралык стандарттардын негизинде жүргүзүлөт. Мындан тышкары, борбор допинг-тесттердин санын көбөйтүп, спортчунун заарасынан, канынан, чачынан, тырмагынан анализ алып, заманбап ыкмаларды колдонуп баштады. Бүгүнкү күндө спортчулар допинг тууралуу кабардар болуп, жоопкерчиликти сезип калышты", — деди Кермакунова.
Ошондой эле адис Улуттук антидопинг борборунда мурда үч гана адис иштесе, учурда тиешелүү билими бар кызматкерлердин саны 12ге жеткенин кошумчалады.