Кыргызстан II КМШ оюндарында жалпы медалдык эсеп боюнча 7-орунду ээледи

Мелдешке спорттун 20 түрүнөн 22 мамлекет катышты.
Sputnik
БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Кыргызстан II КМШ оюндарында жалпы медалдык эсеп боюнча 7-орунду ээледи.
Аталган турнир 4-13-август күндөрү Беларустун Минск шаарында өтүп, спорттун 20 түрүнөн 22 мамлекет катышты. Кыргызстандын курама командасы спорттун 17 түрүнөн ат салышып, 200дөн ашык спортчу барган.
Кыргыз делегациясы бир алтын, сегиз күмүш, 18 коло медаль уткан. Жалгыз башкы байгени кыз-келиндер күрөшү боюнча Нурзат Нуртаева багындырды. Натыйжада Кыргызстан жетинчи орунду ээледи. Тажикстан сегизинчи орунга илинген.
Алдыңкы үчтүккө Россия, Беларусь жана Өзбекстан чыккан.
КМШ өлкөлөрүнүн III оюндары 2025-жылы Азербайжанда өтөт.
Чолпон-Атада Борбор Азиядан чогулган жаштардын форуму өттү. Видео