Донорлук жыл сайын миңдеген адамдардын өмүрүн сактап, ден соолукту калыбына келтирүүгө жардам берет. Кандын толук запасы үзгүлтүксүз, ыктыярдуу кан донорлору аркылуу гана камсыздалат. Бул тууралуу Назгүл Кубатбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 18 жаштан баштап 60 жашка чейинки жарандар (салмагы 50 килограммдан жогору) кан тапшырып, донор боло алат.
"Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунуштамасы боюнча канга болгон муктаждыкты камсыздоо үчүн миң адамга 40 донор туура келиши керек. Ал эми Кыргызстанда миң адамга болгону 5,5 донор туура келет. Ооруканаларды Республикалык кан борбору кан компоненттери менен камсыздайт. Көпчүлүк туугандарына жана жакындарына кан тапшыргандыктан өзгөчө зарыл болгон муктаждык туруктуу донорлордун жардамы менен жабылат. Бирок азыркы учурда эс алуу мезгилине байланыштуу донорлордун саны кескин кыскарды. Башка учурларда кан тапшырууга келген донорлордун саны барган сайын көбөйүүдө. Бирок ошону менен бирге муктаждык да жогору. Үзгүлтүксүз кан тапшыруу иммундук системаны бекемдеп, холестериндин деңгээлин турукташтырат. Эң негизгиси — донордун ден соолугу чың, жугуштуу оорулардан таза болушу керек. Ал эми процедурага эки күн калганда майлуу, ачуу тамактардан жана сүт азыктарынан баш тартуу талабы бар. Бир процедурада донор 450 граммга чейин кан тапшырат. Дени сак адам процедураны жылына беш жолу кайталай алат. Кан борборуна (Чыңгыз Айтматов көчөсү, 60) 18 жаштан 60 жашка чейинки бардык каалоочулар алдын ала жазылбастан келип, иш күндөрү саат 08:00дөн 14:00гө чейин донор катары кан тапшырып жардам көрсөтө алышат. ВИЧ инфекциясы, сифилис, вирустук гепатиттин А, В, С, D түрлөрү, кургак учук, кан оорулары, онкология, бруцеллез, эхинококкоз, альвеококкоз, II, III стадиядагы гипертония, жүрөктүн ишемиялык оорусу жана башка ушул сыяктуу олуттуу оору менен жабыркагандар донор боло албайт", — деди Кубатбекова.
Ал чет элдик жарандар өлкөдө алты айдан ашык жашаган учурда гана кан тапшыра алышарын кошумчалады.