ЕАЭБдин бардык мамлекеттеринде өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү өстү

Баарынан да Беларустун көрсөткүчтөрү жогорулаган.
Sputnik
БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Биринчи жарым жылдыкта Евразия экономикалык бирикмесине мүчө-мамлекеттердин бардыгында өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2,8 пайызга өстү. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясы билдирди.
Маалымат өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырып алынган.
Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү ЕАЭБде канчага жогорулады:
Беларусь – 6 пайызга;
Казакстан – 3,8 пайызга;
Россия – 2,6 пайызга;
Армения – 1 пайызга;
Кыргызстан – 0,4 пайызга.
Кыргызстан товар жүгүртүүдө ЕАЭБ боюнча алдыңкы сапка чыкты