Москвада жаңы чыккан куралдар көргөзмөгө коюлду. "Армия-2023" форумунан сүрөттөр

Подмосковьедеги Кубинка шаарында “Армия-2023” эл аралык аскердик-техникалык форуму ачылды.
Sputnik
1500гө чукул россиялык жана чет элдик компаниялар заманбап, перспективдүү курал-жарактардын, аскердик жана атайын техникалардын үлгүсүн тартуулашты. Форумга келген коноктор 28 миңден ашуун экспонаттарды көрө алышат. Иш-чара үч аянтчада өтүп жатат: Патриот көргөзмө борборунда, “Алабино” полигонунда жана Кубинка аэродромунда. Көргөзмө экспозициясынын аянты 300 миң чарчы метрди түзөт.
Форумда биринчи жолу Россиянын өзү жүрө турган дөңгөлөктүү 152 калибрдеги “Мальва” артиллериялык орнотмосу, дрондорго каршы күрөшүүчү “Рать” мобилдик комплексинин жаңы версиясы көрсөтүлөт. Ошондой эле учкучсуз аппараттардын мизин кайтаруучу: дронго каршы курал “Пишаль-Про”, “Серп-ВС5” комплекси, ар тараптуу багыттагы “Купол” комплекси тартууланат.
Жыйынтыгында 433 миллиард рублден ашкан келишимге кол коюлары күтүлүүдө. Форумдун алкагында Эл аралык коопсуздук боюнча XI Москва конференциясы жана II Эл аралык антифашисттик конгресс өтөт.
Иш-чара 20-августка чейин уланат.
1 / 17

Россия Куралдуу күчтөрүнүн Су-34 бомбалоочу-истребители

2 / 17

“Армия-2023” эл аралык аскердик-техникалык форумундагы көргөзмөгө коюлган ирандык HESA Ababil учкучсуз аппараты

3 / 17

“Армия-2023” эл аралык аскердик-техникалык форумундагы аскердик оркестр

4 / 17

“Армия-2023” эл аралык аскердик-техникалык форумундагы “КамАЗ” компаниясынын стенди

5 / 17

“Армия-2023” форумуна катышкан өлкөлөрдүн желеги

6 / 17

Кытайдын Коргоону министрлигинин аскердик техникалар макети жана куралдар стенди

7 / 17

Форумга келген чет элдик аскер кызматкерлери

8 / 17

Көргөзмөгө алып келинген ирандык учкучсуз аппараттар

9 / 17

Кытайдын Коргонуу министрлигинин аскердик техникалар макети жана куралдар стенди

10 / 17

Ирандын “Шахин” учкучсуз аппараты

11 / 17

Ырчы Олег Газманов “Армия-2023” эл аралык аскердик-техникалык форумунда

12 / 17

Кытайдын Элдик-боштондук армиясынын офицерлери “Армия-2023” эл аралык аскердик-техникалык форумунда

13 / 17

Бешинчи муундагы көп функциялуу Су-57 истребители

14 / 17

Ирандык F-365 танкаларга каршы ракеталык комплекси

15 / 17

Т-14 "Армата" танкасы "Уралвагонзавод" корпорациясынын стендинде

16 / 17

Иш-чара 20-августка чейин уланат.

17 / 17

Эл аралык аскердик-техникалык форумдун катышуучусу