16-августта Бишкектин бир бөлүгү суусуз калат

"Бишкек суу канал" келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, тургундардан сууну даярдап алууну өтүнгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. 16-август күнү Бишкектин бир бөлүгү суусуз кала турганын мэрия билдирди.
Саат 10:00дөн 18:00гө чейин Месарош, Фучик, Профсоюз көчөлөрү менен Дэн Сяопин проспектинин чектешкен аймагына суу берилбейт. Мындай жагдай Тверь көчөсүндөгү абоненттерди жаңы суу түтүк линиясына кошуу аракетинен улам жаралууда.
"Бишкек суу канал" келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, тургундардан сууну даярдап алууну өтүнгөн.
Кыргызстан Таластан Казакстанга суу берүүнү токтоткон себебин түшүндүрдү