Россиялык дарыгерлер Ошто кыздын жамбаш сөөгүнө операция жасашты. Сүрөт

Россиянын алдыңкы ортопед-травматологдору кыргызстандык кесиптештерине тажрыйбасы менен бөлүштү.
Sputnik
БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Россиядан келген дарыгерлер Ошто өспүрүм кыздын жамбаш сөөгүнө операция жасап беришти. Бул тууралуу Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасы кабарлады.
Операция аталган ооруканада жасалган. Август айынын башында Ноокат районунун тургуну кызынын төрөлгөндөн бери жамбаш сөөгүнүн өсүүсүндө көйгөй бар экенин айтып кайрылган.
Россиядан келген дарыгерлер Ошто өспүрүм кыздын жамбаш сөөгүнө операция жасап беришти
Кызга буга чейин бир нече жолу операция жасалган. Бул сапар ооруканага Россиянын Курган шаарынын Г.А. Илизаров атындагы Илим изилдөө борборунун ортопедия бөлүмүнүн башчысы Тепленький Михаил Павлович менен жогорку категориядагы ортопед-травматолог Парфенов Эдуард Михайлович келип, уникалдуу операция жасашкан.
"Операциянын өзгөчөлүгү — алар жамбаш сөөктү тегиздеп, калыбына келтиришкен жана Илизаров аппаратын коюшкан. Мындай операцияны кыргызстандык кичинекей кызыбызга жасоо менен тажрыйба алмашып, биздин дарыгерлерге да үйрөтүп кетишти", — деп жазылган маалыматта.
Оорукананын травматология бөлүмүнүн дарыгери Тамырлан Абдыкадыров россиялык кесиптештерине тажрыйба алмашканы үчүн ыраазычылык билдирип, мындай саамалык улана берерин айткан.
Кытай дарыгерлери көзгө бекер жасачу операция боюнча кайда кайрылса болот? Дареги