ӨКМ газ баллон колдонуудагы эрежелерди эскертти

Адистер баллонду беш жылда бир адистердин текшерүүсүнөн өткөрүп турууну белгилешкен.
Sputnik
БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарга үй шартында, тез татым соода түйүндөрүндө, ашканаларда газ баллонду колдонууда кылдат болууну эскертти.
Газ баллонду колдонуудагы коопсуздук эрежелери:
эскилиги жеткен баллондорду колдонбогула;
газ баллонду толтурууда этият болгула. Атайын адистер гана аны коопсуз толтуруп беришет;
газ баллон меш жана радиатордон кеминде 1,5 метр алыста турушу керек;
баллонду бекем коюу зарыл, кулап кетүүсүнө жол бербегиле;
электр зымдарынан алыс турушу керек;
от жаккан жерге же электр плиталары иштеп турган жерге жакын койгонго болбойт;
сыйымдуулугу беш литрден ашык болгон газ баллонду үйгө койгонго болбойт;
газ баллонду бир орундан экинчи орунга жылдырууда, ташууда өтө кылдаттык талап кылынат;
беш жылда бир жолу аны атайын адистердин кароосунан өткөрүп туруу кажет.
Үйгө ууру кире албайт. Сактануу жолдору жана күзөт кызматынын номерлери