БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын январь-май айларында өткөн жылдын ушул эле убактысына салыштырмалуу жүк жүгүртүү көлөмү 8,1 пайызга өстү. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын маалыматында айтылат.
Көрсөтүлгөн убакыт аралыгында республикадагы жүк жүгүртүү 1,1 миллиард тонна-чакырымга көбөйгөн. Өсүш транспорттун бардык түрлөрү боюнча байкалууда (түтүк, темир жол, автоунаа жана аба).
Жүк жүгүртүүнүн өсүшү Казакстанда дагы байкалып, 2 пайызды түздү.
Мындан тышкары, ЕЭКтин маалыматына караганда, 2023-жылдын беш айында Кыргызстанда жүк ташуулардын көлөмү дагы кыйла өскөн (18,5 миллион тоннага чейин). Бул өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу дээрлик 15 пайызга көп.