Курманкул Зулушев эл аралык Көк бөрү ассоциациясынын төрагасы болду

Эл аралык Көк бөрү федерациясы эл аралык ассоциация болуп түзүлүп, жаңы жетекчилер дайындалды.
Sputnik
БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Башкы прокурор Курманкул Зулушев эл аралык Көк бөрү ассоциациясынын төрагасы болуп шайланды. Бул тууралуу Кыргызстандын Көк бөрү федерациясы кабарлады.
Мындай чечим ассоциациянын Чолпон-Ата шаарында өткөн конгрессинде кабыл алынган. Ага 9 мамлекеттен 14 улуттук федерациянын жетекчилери жана өкүлдөрү катышкан.
Жыйында эл аралык Көк бөрү федерациясы эл аралык ассоциация болуп түзүлүп, Курманкул Зулушев президенти болгон. Вице-президенттери болуп Казакстандын Жаппай Көк пар федерациясынын президенти Гани Дирманов, Өзбекстандын Улок купкари федерациясынын төрагасы Равшанбек Адхамов жана Россиянын Алтай Республикасынын Көк Бөрү (Синий Волк) ат оюндар федерациясынын президенти Эркин Тузачинов шайланган.
Ал эми Көк Бөрү федерациясынын мурдагы вице-президенттери Аскар Салымбеков менен Набижон Жураевге (Өзбекстан) ассоциациянын ардактуу президенти наамы ыйгарылды.
Чолпон-Атада көк бөрү боюнча дүйнө кубогу өтөт. 6 өлкө катышары күтүлүүдө