Көөнө Сөз

Манасчы "кулун кара кулак болуу" деген түшүнүктү чечмелеп берди

"Манас" театрынын директорунун орун басары, манасчы Нурбек Талантбеков көөнө сөздөрдүн бирин чечмелеп берди.
Sputnik
"Кулун кара кулак болуу" деген түшүнүк жылкы баласынын жашын билдирет. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.
Анын айтымында, бул түшүнүк жыл мезгилине карата дагы колдонулат.
"Эпосто "кулун кара кулак болуу" деген түшүнүк кездешет. Адатта жылкынын жашын эсептегенде кулун, тай, кунан, бышты жана асый деп кете берет. Бирок ошолордун ичинен да бөлүп каралат. Мисалы, "кулун кара кулак болду" деген торолуп, тыңып калган учурду түшүндүрөт. Болжол менен 2-2,5 айда кулундун кулагынын учтарына кара жүн чыгып калат. Ошондон улам бул түшүнүк айтылып калган. Бул жыл мезгилине карата дагы колдонулат. Жайдын толгон учуру ушинтип айтылат. Анткени жазда жылкы төлдөп, алар торолуп калганда "кулун кара кулак болгон кез" деп айтылат", — деди Талантбеков.
Ошондой эле ал көөнө сөздөрдү кийинки муунга жеткирүү ар бирибиздин милдетибиз экенин кошумчалады.