Гавайидеги ири өрттөн 89 адам каза болду

Мауи аралдарындагы өрт катуу ысыктан улам чыгып, "Дора" бороону аны жайылткан.
Sputnik
БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Гавайидеги токой өртүнөн улам 89 адам курман болду. Бул тууралуу РИА Новости NBC News телеканалына шилтеме кылып жазды.
Буга чейин Мауи округунун бийлиги ири өрттүн кесепетинен 80 киши каза тапканын билдирген.
"Шейшембиден бери Мауидеги өрттөн улам көз жумгандардын саны 89га жетти", — деп Гавайи аралдарынын губернатору Жош Грин билдиргенин телеканал кабарлады.
Анын айтымында, көз жумгандардын саны өсөт. Телеканал өрт АКШнын тарыхындагы эң көп адам өмүрүн алган окуя экенин белгиледи. Мурдагы рекорд 2018-жылы Калифорнияда болгон өрттөн кийин коюлган. Анда 85 киши көз жумган.
Мауи аралдарындагы өрт катуу ысыктан улам чыгып, "Дора" бороону аны жайылткан. Өрттүн кээ бир очогу 400 гектарга чейин жетет. Өрт бир нече калктуу конушту жана туристтер сүйгөн Лахайна шаарын жок кылды. Бийлик жолдорду тосууга аргасыз болууда. Коомдук транспорт ишин токтотту. Жүздөгөн жергиликтүү тургундар эвакуацияланды.
АКШнын президенти Жо Байден Гавайидеги бардык федералдык структураларга өрткө каршы күрөшүүгө буйрук берди. Пентагон буга чейин жергиликтүү бийликке жардам берүү улуттук гвардиянын аскерлери менен тик учактар берилгенин кабарлаган.
Алматыда көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, эне-бала терезеден секирди. Видео